Connect with us

Кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгышы мүмкүн

Кыска кабар | 28 Ноя 2024 | 177 | 0

Президент Садыр Жапаров келерки жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен (EU Air Safety List — Евробиримдиктин аба коопсуздугу боюнча тизмеси) чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирди.

Ал бул тууралуу 27-ноябрда Берлинде Airbus Europe компаниясынын президенти Йохан Пелиссье менен жолукканда айткан.

Садыр Жапаров акыркы жылдарда авиациялык коопсуздукту жакшыртуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлгөнүн, жасалган иштер чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатканын белгилеген.

Президент Airbus менен кызматташуу Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калаарына билдирип, кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн предметтик сүйлөшүүлөргө даяр экендигин белгиледи.

2006-жылы кыргызстандык авиакомпаниялар «эл аралык нормаларга дал келбейт» деген негизде Евробиримдиктин «кара тизмесине» кирген.

Copyright © 2017 Maral FM