Connect with us

Шашылыш билдирүү. Аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 305 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 30-ноябрда күндүз жана 1-2-декабрда аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул убакытта мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Айрым жерлерде туман түшүп, зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эртең, 28-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21,

Баткенде түнкүсүн -1…+3, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM