Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» макалалар сынагы жыйынтыкталды

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 28 Окт 2020 | 802 | 0

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү эне тилдин ролун, маанисин ачып берүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлөрүн, аны чечүүнүн жолдорун аныктоо, мекенчил аң-сезимди калыптандыруу, кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарды даңазалоо максатында 2020-жылдын 15-сентябрында жарыяланган бир айлык сынакка жалпы 32 макала келип түшкөн. Алардын арасынан сынактын жобосуна толук жооп берет делген 21 макала тандалып алынып, 7 адамдан турган калыстар тобуна тапшырылган.

Жеңүүчү болуп табылган макалалардын авторлорун сыйлоо аземи 2020-жылдын 29-октябрында Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жыйындар залында саат 14:00дө өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM