Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда онлайн кинотеатр ачылды

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 794 | 0

19-октябрь күнү борбордогу ресторандардын биринде «Ак-Өргө сити» командасынын жигиттери «Kaseta» онлайн кинотетрынын ачылыш аземин жасашты. Бул боюнча команданын мүчөсү, актер, алып баруучу Самат Эркинбеков «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

— Онлайн кинотеатр ачууга карантин себепкер болду. Карантин маалында эле ачылмак эле, бирок айрым жагдайлардан улам бүгүнкүгө туш келди. Идея — жалпы командабызга  таандык. Бирден-бир максатыбыз: алыскы аймактарда, өзгөчө чет мамлекетте жүргөн мекендештердин кыргыз кинолорун өз убагында көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү, тилди өнүктүрүү жана кыргыз көрөрмандарын акча төлөп көрүүгө үйрөтүү. Буюрса, чет мамлекеттин тасмалары да көрсөтүлө баштайт. «Жора-Гуля», «Махабатизация» сыяктуу бир катар жаңы тасмаларды айына 180 сомдон төлөп, «Kaseta» онлайн кинотетрынан көрө аласыздар. 

Copyright © 2017 Maral FM