Биз менен байланышыңыз

Вашингтон менен Талибан аскерий операцияларды кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 359 | 0

АКШ менен Талибан Ооганстандагы аскерий операциялардын санын кыскартууга макул болушту. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Twitter баракчасына билдирди.

Маалыматка ылайык, Халилзад жана АКШ менен НАТОнун Афганистандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал-лейтенант Скотт Миллер Талибандын өкүлдөрү менен бир нече ирет жолугушкан.

Натыйжада, тараптар «АКШ менен Талибандын ортосундагы келишимдин шарттарын жана милдеттемелерин так сактоого» макул болушту.

«Бул аскердик операциялардын кыскарганын билдирет. Биз бүтүмдөрдүн саны бир кыйла кыскарат деп күтүп жатабыз», — деди Халилзад.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Тарик Ариандын айтымында, Талибан согушкерлери акыркы эки жумада коопсуздук күчтөрүнө жана жай тургундарга 575 ирет кол салган. Натыйжада 86 жаран каза болуп, 165 адам жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM