Биз менен байланышыңыз

Дилшат Кангелдиева: Ар бир күнүм изденүү менен өтөт

«Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу мыкты аялзат, комузда кол ойнотуп ырдаганда адамдын жан дүйнөсүн гүлгө бөлөгөн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисти, ырчы Дилшат Кангелдиева чыгармчылыктагы ийгиликтүү күндөрүн эскерди.

— Маекти өнөр жолуңуздан  баштасак?

— Чоң ырахмат, абдан жакшы болот. 1993-жылы алгачкы жолу гастролго чыктым. Ал кезде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иштечүмүн. 25 жыл талыкпай эмгектендим. Топтун атынан көптөгөн чет өлкөлөрдө жүрдүк. Таанып-билип калган соң, кайрадан чакыруулар боло берет экен. Жеке өзүм да барып жүрдүм Америка, Англия, Италия жана башка чоң өлкөлөргө. Дайыма изденүү менен жашап жүрөм.

— Кандай жанрдагы ырларга көбүрөөк басым жасайсыз?

— Көбүнчө философия, жашоо-турмуш тууралуу ырларга жакынмын. Сүйүү темасындагы ырлар репертуарымда аз.

— Өмүрлүк жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга каршы чыккан жокпу?

— Жок, тескерисинче мени колдоду. Анткени студенттик кезден турмуш куруп калдык, чогуу бир топто иштедик. Кийин «Ырдаганды каалайсыңбы?» — деп, өзү сунуш киргизди. Менде тартынчаак мүнөз бар болгондуктан, «Жок, мен ырдабай эле коеюн. Оркестрде музыкант боюнча эле калайын«, — деп айттым. Бирок, жолдошум: «Сен ырдашың керек, анткени дээриңде бар», — деген талап койду. Сунушуна макул болуп, профессионалдык билимим жана аракетим менен алып кеттим деп ойлойм бул тармакты.

— Чыгармачыл инсандын идеалдуу күнү?

— Ар бир күнүм сөзсүз түрдө изденүү менен өтөт. Анткени бир калыпта гана кала бербестен, ошол эле аткаруу, ыр тандоо жагынан өзгөртүү киргизүү керек. Фольклор жанрында гана чектелбестен, агымдан калышпай башка жанрда да ырдап, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет жасайм.

— Философиялык ырларды аткарам деп калдыңыз? Себеби эмнеде?

— Менин мүнөзүм ошондой. Ошондуктан маани-мазмуну терең жана насаат ырларына басым жасайм.

— Мүнөзүңүз кандай?

— Оор басырыктуу (күлүп)

— Жашоодо эмнеге көп көңүл бурасыз?

— Бул жашоодо адамдар мээримдүү болсо деп ойлойм. Көчөдө баратканда адам баласы сулуулукка, кооздукка көз жүгүртөт эмеспи. Ошону менен бирге эле, адамдардын кыйынчылыкта жашап жатканын да көрөсүң. Негизи, мен адамдар менен тыгыз байланышта болом. Өзүмдү жылдыз катары бийик алып жүрө албайм. Анткени, жүрөгүм абдан назик.

— Сиздин жакын сырдашыңыз ким, бардык сырыңызды айтасызбы?

— Сырымды жолдошума гана айта алам. Ал эми бала-чакама, досторума айта албайм.

— Эмне себептен?

— Баарын айта албайм, ар биринин психологиясы ар башка да. Кээ бирөөсү түшүнбөйт дагы. Аларга сый-урмат менен гана мамиле кылам.

— Сиздин ийгиликтүү жылдарыңыз?

— Жашоого түшүнүү менен мамиле кылам. Ар бир адамга бирдей мамиле жасаганга далалаттанам. Анткени баары эле бул жашоодо бирдей боло бербейт да. Ал эми эң жемиштүү жылдарым 2005-2013-жылдар аралыгы болду. Кийин чыгармачылыгымда чоң пауза болду. Муну өзүм деле каалаган эмес элем. Бирок бардык учурда бактылуу күндөр боло бербейт экен.

— Азыр кандай даярдыктар, жаңылыктар бар чыгармачылыкта? Балким сизден чоң бир жаңылануу күтөбүз?

— Ар бир адамдын өзүнүн орду болот экен. Мен дагы эстрада жанрында жаңы ырларды жаратып жатам. Ал эми фольклордон алыстап турам. Эмне себептен алыстаганымды айтып коёюн. Бул тармак менен мен чет жакка эле чыга алчумун. Ал эми азыркы аудитория эстрада тармакты талап кылат экен.

— Жан дүйнөңүздү кантип байытасыз?

— Музыка угам, андан сырткары жаратылыштын кооздугу менен байытам. Анан сөзсүз түрдө саякаттап, жакшы адамдардын курчоосунда баарлашуу дагы сонун натыйжа берет. Ал эми музыка дүйнөсү абдан бай да. Мага жакса, көпкө чейин жан дүйнөмө сиңирип, андан соң башка ырга өтөм.

— Жоош мүнөзгө ээ инсандар кантип көп ийгиликтерди багындыра алат?

— Мен бир жерде тура албайм, активдүү кыймылда болуп, жаңылык киргизип турууну каалайм. Замандан артта калбайын деген чоң аракетим бар өзүмдүн.

— Дос жана душмандын тараза ташы кайсыл жакка көп оойт?

— Досуң деле кээ бирде ич күйдүлүк кылып коет. Ал эми душмандын таасири менен деле жогору бир тепкичке көтөрүлө аласың. Кээде душман дагы керек болуп калат экен. Чыгармачылыкка бут тосуулар сөзсүз түрдө болот. Анткени бул күрөшүү менен дагы күчтөнөсүң. Ар биринин жашоомдо салмагы бар. Дос-курбу менен эзилип жүрүп, өсө албайм эч качан. Мени жакшы мээрими менен алар өстүрө алган эмес.  Тажрыйба жүзүндө билем да.

Copyright © 2017 Maral FM