Биз менен байланышыңыз

Түркияда жасалма ичимдиктен 50дөй адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 374 | 0

Түркияда жасалма ичимдиктен каза болгондордун саны 49га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреддин Кожа маалымдады.

9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кырыккале аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө. Министрдин айтымында, учурда ооруканада элүүдөн ашык бейтап дарыланууда. 6 күндүн ичинде 49 адам каза болду.

Жүргүзүлгөн иликтөөдө дезинфекция катары колдонулган этил спиртине алкоголдук ичимдик ароматтары аралаштырылып жасалганы аныкталган. Түркиянын милициясы жана ыкчам кызматы тарабынан жасалма ичимдик өндүргөндөргө карата уюштурулган атайын операция уланууда. Ага 4 миң 439 кызматкерден турган 1567 топ тартылды.

Бул арада 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдик конфискация кылынды.

9-октябрдан бери милиция тарабынан 227 шектүү көзөмөлгө алынган. Алардын 63ү кармалды. Калган шектүүлөрдүн айрымдары бошотулса, айрымдарынын тергөө бөлүмүндөгү иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM