Биз менен байланышыңыз

«Кызыл Крест» коому Армения менен Азербайжанды туткунга түшкөндөрдү алмашууга чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 387 | 0

Эл аралык «Кызыл Крест» коому Армения менен Азербайжанды Тоолуу Карабахтагы жаңжалдан туткунга түшкөндөрдү жана курман болгондордун сөөктөрүн алмашуу боюнча ишти аягына чыгарууга чакырды. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.

«Бүгүнкү күндө биз тараптар менен бул маселени жигердүү талкуулоону улантуудабыз. Бирок азырынча мындай алмашууну баштоого мүмкүнчүлүк бере турган эч кандай маанилүү келишимге жетише элекпиз», — деди «Кызыл Крест» эл аралык коомунун Евразия боюнча аймактык директору Мартин Шуепп.

Анын айтымында, Азербайжан жана Армения менен сүйлөшүүлөр улантылып, бул иштин шарттары тараптар тарабынан аткарылат деген ишеним бар. Ошондой эле ал «Кызыл Крест» коомунун кызматкерлерине коопсуздук кепилдиктерин берүүгө эки өлкөнү чакырды.

Армения менен Азербайжан буга чейин Тоолуу Карабахта 10-октябрдан баштап, убактылуу ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышкан.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабахта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Тоолуу-Карабахтын айынан эки коңшу: Армения менен Азербайжан 1988-94-жылдары да согушканы белгилүү. Андан бери Тоолуу Карабах армяндардын көзөмөлүндө турганы менен анын укуктук макамы чечиле элек. Мындан улам Армениянын Азербайжан жана Түркияга өткөн чек арасы жабык. Айрым аналитиктердин пикиринде, Карабах чатагынын биротоло чечилбей, чер аралардын жабык турушу армениялык монополист олигархтар үчүн пайдалуу.

Copyright © 2017 Maral FM