Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Тажик тараптан ок атуу күчөдү (видео)

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 2583 | 0

Баткен районунун Ак-Сай айылында Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында учурда абал курчуду. Тажик тараптан ок токтобой атылып жатат.

Бул тууралуу окуяга жеринен көз салган Кайрат Жапаров Фейсбуктан түз эфир аркылуу чагылдырып жатат. Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүндө дагы 2 жаранга ок тийип ооруканага түштү. Алар кадимкидей согуш болуп жатканын айтышууда.

Бүгүн чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлүп, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр-чатак орун алган аймактан эл коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Буга чейин Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM