Биз менен байланышыңыз

Жороев: Президент азыр бийликтен кетсе, тирешүүлөр кайра күчөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2020 | 770 | 0

Азыркы кырдаалда улуттук деңгээлде бардык тараптарды бириктирген, сүйлөшүүгө алып келген диалог керек болуп жатат. Диалог болмоюнча туруктуу бир келишимге, туруктуу бир кризистин чечимине барууга мүмкүн эмес. Мына ошондой диалогдун орун алышы үчүн жана андан ары мамлекет мыйзамдык жолго түшүп, стабилдүүлүк орношу үчүн президенттин ордунда калып туруусу чоң өбөлгө болорун саясат тануучу Эмил Жороев «Маралга» билдирди.

— Эгерде президент азыр шашылыш түрдө бийликтен кетип калчу болсо, анда Кыргызстанда жемиштүү диалог болушу да өтө кыйын, көп тараптуу сүйлөшүүлөр да эч кандай жыйынтык алып келбейт. Кайра тирешүүлөр күчөп, күн сайын ары тартуу, бери тартуу боло берет. Президент диалогго өзүнүн легитимдүү статусун кошушу керек, — деди Жороев.

Анын айтымында, азыркы кырдаалга жараша президенттин статусу, бийлиги шайлоого чейинки саясий салмагынан башкача болуп калган. Ошону да эске алып, көп тараптуу макулдашылган жыйынтыктарга келүүгө ал толук бойдон катышуусу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM