Биз менен байланышыңыз

Бердымухамедов «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» жыйнагынын 12-томун жазды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 492 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» фундаменталдуу эмгегинин 12-томун жазды. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Жаңы китеп Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин жана Медицина өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата басылып чыккан.

«Дары өсүмдүктөрүнүн» мурунку 11-тому 2019-жылдын июль айында, 21-июлда белгиленүүчү Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күнүнө карата басылып чыккан. Быйыл күзүндө медицина кызматкерлеринин майрамы эч кандай себепсиз 10-октябрга жылдырылган.

Эске салсак, Бердимухамедов буга чейинки «Түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү» аттуу китебин эки ай мурун жазып бүтүргөн болчу. Бул президент жазган 54-китеп болуп эсептелинет.

Белгилей кетүүчү нерсе, китепте сүрөттөлгөн рецепттердин негизинде Түркмөнстанда чөптөн чай өндүрүү иши жолго коюлган. Аны түркмөн дарыгерлери сасык тумоодон дарыланууда колдонууну сунуш кылышат.

Copyright © 2017 Maral FM