Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда Конституция жана желек күнү чоң салтанат менен белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 548 | 0

Түркмөнстанда 18-майда Конституция күнү жана Мамлекеттик желек күнү элдин массалык катышуусу менен белгиленди. Салтанатка президент Гурбангулы Бердымухамедов жана өлкөнүн аксакалдары катышты.

Эртең менен өкмөт мүчөлөрү, Межлис депутаттары, аскердик жана укук коргоо органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, шаар жетекчилери, аксакалдар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү, студенттер, маданият жана искусство кызматкерлери чогулушту.

Президент Конституциянын монументине гүлчамбар койду.

Андан кийин майрамдык салтанат кооздолгон аянтта өтүп, ал жерде 133 метрлик флагшток орнотулду.

Конституция жана Мамлекеттик желек күнү Түркмөнстандын бардык аймагында белгиленди.

Түркмөнстандын расмий маалыматы боюнча, өлкөдө коронавирус оорусу аныкталган адамдар жок.

Copyright © 2017 Maral FM