Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков түркмөн президентин жана элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 594 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген достук алакалар мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовго жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгилик, ал эми түркмөн элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Эскерте кетсек, 1991-жылы 27-сентябрда Түркмөнстан көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM