Биз менен байланышыңыз

Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 1524 | 0

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демоктраттар» партиясынан катышкан Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

«Массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Темирлан Султанбеков азыр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Ал өзүнүн кайрылуу катында аны кыйнап коркутушканын жана тергөөчүлөр аны эмне үчүн кармагандыгын түшүндүрө алышпай жаткандыгын жазган.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM