Биз менен байланышыңыз

Дубнов: Жээнбеков Атамбаевге абалды «түшүндүрүп» коюуну Путинден өтүнгөн болушу мүмкүн

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 756 | 0

«Фергана» басылмасынын Борбор Азия боюнча эксперти Аркадий Дубнов мурдагы президент Атамбаевдин Орусияга болгон сапары боюнча комментарий калтырды.

Ал билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон сапары буга чейин болуп өткөн Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда макулдашылганы ачык эле көрүнүп турганын жана Москва Кыргызстандын ички саясий тирешине кызыкдар эместигин жазган.

«Мурдагы жана азыркы президенттердин жана алардын жактоочуларынын каршылыктары менен байланышкан маселе Жээнбеков келгенге чейин эле түшүнүктүү болчу», — дейт Аркадий Дубнов.

Мындан сырткары, «Жээнбеков «Орусия Кыргызстандын ички тирешине кызыкдар эмес» деген түшүнүктү Атамбаевге да жеткирип коюусун Путинден суранышы мүмкүн экенине ишенүүгө болот» деген пикирин калтырган.

Эгерде ошондой боло турган болсо, Атамбаев өзү жарыялагандай жолугушуу Орусиянын президенти менен болуп, анда Москвага келген конокко Кыргызстанды туруксуз абалга алып келүүгө болбой турганын түшүндүрүшү мүмкүн экендигине да токтолгон.

Атамбаев 25-июлда Бишкекке кайтат. Москванын мындай жол менен Кыргызстандын ички конфликтине кийлигишүүсү, дагы бир жолу кыргыз саясатчылары бир-бири менен келишүү үчүн жалгыз гана Кремль башкы саясий инстанция жана башкы сот болуп санала турганын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM