Биз менен байланышыңыз

УКМК: Үгүт учурунда Камчыбек Ташиев талапкерлерди жеке кабыл албайт

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 552 | 0

23-ноябрда «Социал-Демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасынын кабылдамасына жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ошол эле күнү кечки саат 20:00дө УКМКнын коомдук кабылдамасында шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалыматы бар экенин айткан Темирлан Султанбеков менен УКМКнын кызматкери сүйлөшүү жүргүзгөн.

Комитеттин кызматкери жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө Султанбековго маалымат берген. Ошону менен бирге ага атайылап жалган маалымат тараткан жарандарга жоопкерчилик бар экени эскертилген.

Бирок, Султанбеков расмий кайрылуудан жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча колунда болгон маалыматтардын чоо-жайын, жагдайларын ачыктоодон баш тарткан.

УКМК билдиргендей, шайлоо процессине кийлигишүү жагынан коомдук аң-сезимди ар кандай шылтоолорду жана манипуляцияларды болтурбоо максатында шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди жеке кабыл албайт.

Copyright © 2017 Maral FM