Биз менен байланышыңыз

Жапаров Темирлан Султанбеков тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 3786 | 0

Жаш саясатчы Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндө көптөгөн кайрылуулар боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү таратты. Анда: «Премьер-министр Садыр Жапаров коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт», — деп жазылат.

«Өкмөт башчы катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», — дейт Садыр Жапаров.

Темирлан Султанбеков 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10-декабрга чейин камакка алынган.

Буга чейин 5-9-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук аянтында массалык башаламандыктарды уюштурууга катышы барларды аныктоо үчүн «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Темирлан Султанбеков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясынан катышкан. Анын кармалуусуна нааразылык билдирген жарандар социалдык тармактарда билдирүү жазып жатышат.

Анын алкагында Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да эки айга камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM