Биз менен байланышыңыз

УКМК: Салайдин Авазов кайра кармалды

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 902 | 0

6-октябрда митинг болгон түнү түрмөдөн мыйзамсыз чыккан “Электр станциялар” ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

11-октябрда ыкчам издөө ишинин жыйынтыгында кармалганы айтылат. Ал учурда Жазаларды аткаруу кызматынын камагында жаза өтөөсүн улантууда.

Кошумчалай кетсек, Салайдин Авазов Бишкек жылуулук борборун модренизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM