Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Мен башпрокурор болгон жокмун

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 505 | 0

«Бир Бол» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Алмамбет Шыкмаматов прокурор болбогондугун Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, прокурор болбогондугун, болгону прокуратура органына негизги үч талап койгонун маалымдады.

— «Мени эч ким башпрокурор кылып дайындаган жок. Мен прокуратурага барып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча каршылык көрсөткүлө, туруктуулукту сактап туруу үчүн мыйзамдуулукту кармап тургула, ошондой эле Матраимовдорго иш козгоп, чек араларды жаап, издөө жарыялагыла деп айтып келдим» , — деди Шыкмаматов.

Ал ошондой эле анын прокурор болгондугу боюнча туура эмес маалыматтар тарап кеткенин кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM