Connect with us

Эки жерде митинг өткөргөн партиялар «Ала-Тоо» аянтына бирикти

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 963 | 0

Бишкектин «Ала-Тоо» аятында митинг өткөрүп жаткан партияларга буга чейин Опера жана балет театрынын алдында митинг өткөрүп жаткан партиялар да кошулду. Тактап айтканда, «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш», «Бир Бол», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү нааразылык акциясын биргелешип өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандарын билдиришип, бул жыйынтык жокко чыкпаса, мөөнөтсүз  митингге чыгышарын айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди.

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран кирген, алдын ала маалымат боюнча шайлоого 1 млн 990 миң 700 жаран катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM