Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 553 | 0

Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 1351 жаран, бүгүн 3-октябрда көчмө урна аркылуу добуш берүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун аймагында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна даярдыктар өз нугунда.

Пандемияга байланыштуу, шайлоо участкаларында, жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган. Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284265 шайлоочу бар.

Copyright © 2017 Maral FM