Биз менен байланышыңыз

АКШда орус хакери Никулин жети жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 439 | 0

Американын Калифорния штатынын Түндүк округунун Федералдык соту кечээ, 29-сентябрда орус хакери Евгений Никулинди 7 жыл 4 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал өзүнө коюлуп жаткан «АКШнын LinkedIn, Dropbox жана Formspring технология фирмаларынын системаларын бузуп кирген» деген айыптарды мойнуна албай турганын 30-мартта соттук териштирүүдө айткан болчу.

Судья Уильям Алсап аны күнөөлүү деп таап, бирок жасалган кылмыштардын оордугуна карабай, күтүлгөндөн жеңилирээк өкүм чыгарган. Сот Никулин англис тилин билбегендиктен, түрмөлөрдө отурган  башка кишилерге салыштырмалуу абакта кыйынчылыкка туш боло тургандыгын эске алып, ошол эле учурда абакта коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору экендигин түшүндүрдү. Ал эми Никулин өзүн коргоо үчүн берилген сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн баш тартты.

Евгений Никулин АКШнын өтүнүчү менен Чехияда 2016-жылы кармалган. Ал эми 2018-жылы ал Америка Кошмо Штаттарына өткөрүлүп берилген. Никулиндин сот жараяны март айында башталып, бирок коронавирустун айынан үзгүлтүккө учураган. Сот процесси башталганга чейин Никулин төрт жыл Американын ар кайсы түрмөлөрүндө отурган. Бул жылдар ага жазасы өтөлгөн жылдар катары эсептелинет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги программисттин Чехия тарабынан АКШга экстрадицияланышын  “эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү негизин бузуу максатында атайылап жасалган кадам” деп баалаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM