Биз менен байланышыңыз

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 640 | 0

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине кирген 15 мамлекет тең Армения менен Азербайжанды ок атышууну токтотуп, тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө өтүүгө чакырды. Эки тарапты Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минсктеги тобу менен кызматташууну улантууга үндөдү.

Буга чейин шейшемби күнү Германиянын канцлери Ангела Меркель Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал тараптарды тез арада ок атышууну токтотууга чакырып, ЕККУнун Минск тобун талаштуу маселелерди чечүү үчүн ылайыктуу аянтча деп атаган.

ЕККУнун Минск тобу 1992-жылы Тоолуу Карабахтагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун издөө максатында түзүлгөн. Орусия, Франция жана АКШ теңтөрагалык кылган топтун курамында Азербайжан, Армения, Беларусия, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия бар.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эксперттер аймактагы чыр-чатактын андан ары курчуп кетишинен жана Түркия менен Орусиянын Карабах үчүн согушка аралашуусунан чочулашат. Армения Орусия менен биргеликте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Ошол эле учурда Түркия Азербайжанды колдой тургандыгын ачык жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM