Биз менен байланышыңыз

Байден Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 531 | 0

Улуу Британиянын Эмгек партиясынын мүчөсү Крис Брайант Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине «Демократиялык» партиясынан талапкер болгон Жо Байденди Нобель сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Башкалар маселени зордук-зомбулук жолу менен чечкенде, Байден эң мыкты күч — бул ынандыруу күчү экендигин көрсөттү. Себеби, курал менен жүрөктүн кагышын токтотууга болот, бирок туура тандалып алынган сөздөр көптөгөн жүрөктөрдү өзгөртө алат жана көптөгөн жүрөктөр дүйнөнү өзгөртөт, — деди Брайант «Evening Standard» гезитине берген маегинде.

Буга чейин Байдендин оппоненти АКШнын президенти Дональд Трамп да Нобель сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөн болчу. Трампты Норвегиянын «Прогресс» партиясынын депутаты Кристиан Тибринг-Гедде, Швеция парламентинин мүчөсү Магнус Якобссон жана австралиялык профессор Дэвид Флинт жана анын үч кесиптеши сунуштаган.

Быйыл дүйнөлүк лидерлерден Нобель сыйлыгына АКШнын президенти Дональд Трамптан башка Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Орусиянын президенти Владимир Путин  жана орусиялык саясатчы Алексей Навальный да көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM