Биз менен байланышыңыз

Reuters: Дүйнөдө ар саат сайын 226 адам коронавирустан көз жумууда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 522 | 0

COVID-19 коронавирус пандемиясы саатына 226 адамдын өмүрүн алат. Демек, ар бир 16 секунд сайын оорулуу адам дүйнөнүн кайсы бир жеринде көз жумат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-сентябрда, Reuters агенттиги сентябрь айындагы оорулардын орточо көрсөткүчтөрүнүн өз эсептөөлөрүнө таянып келтирди.

«Биздин дүйнө оор даражага жетти. Бул таң калыштуу көрсөткүч. Бирок биз ар бир жеке жашоону эч качан унутпашыбыз керек. Алар аталар жана энелер, аялдар жана күйөөлөр, бир туугандар, достор жана кесиптештер болчу…» — деди БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш.

Дүйнө жүзү боюнча 24 саатта 5400 адам кооптуу инфекциядан улам көз жумат. Быйыл коронавирустан каза болгондордун саны жыл сайын безгектен көз жумган адамдардын санынан эки эсе көбөйдү.

Үч айдын ичинде эле COVID-19дан каза болгондордун саны жарым миллиондон эки эсеге көбөйдү. Өлүм көрсөткүчтөрү кескин өсүп келе жатат.

Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустан каза болгондордун саны расмий маалыматтарга караганда көбүрөөк болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча аткаруучу директору Майк Райан билдирди.

Анын айтымында, учурдагы статистика оорулуулар үчүн дагы, өлгөндөр үчүн дагы бааланбай жатат.

Copyright © 2017 Maral FM