Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 2 млн долларлык эмерек экспорттоду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 352 | 0

Ушул жылдын 1-сентябрына карата Өзбекстан чет мамлекеттерге жалпы баасы 2 миллион долларга бааланган эмеректерди экспорттоду.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 841 миң долларга көп.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы сегиз айда Өзбекстандан Казакстан 763,9 миң $, Кыргызстан 619,3 миң $, Тажикстан 294,2 миң $ жана Орусия 146,6 миң долларлык эмерек сатып алган.

Айта кетсек, быйылкы жылы Өзбекстан 13 чет өлкөгө эмерек буюмдарын экспорттогон.

Copyright © 2017 Maral FM