Ушул жылдын 1-сентябрына карата Өзбекстан чет мамлекеттерге жалпы баасы 2 миллион долларга бааланган эмеректерди экспорттоду.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 841 миң долларга көп.
Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы сегиз айда Өзбекстандан Казакстан 763,9 миң $, Кыргызстан 619,3 миң $, Тажикстан 294,2 миң $ жана Орусия 146,6 миң долларлык эмерек сатып алган.
Айта кетсек, быйылкы жылы Өзбекстан 13 чет өлкөгө эмерек буюмдарын экспорттогон.