Биз менен байланышыңыз

Армения Азербайжандын учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 392 | 0

Тоолуу Карабахтын президентинин өкүлү Ваграм Погосяндын айтымында, 28-сентябрда армян армиясы Азербайжан аба күчтөрүнө таандык учакты атып түшүрдү.

«Мартуни шаарында Азербайжандын аба күчтөрүнө таандык учак атып түшүрүлдү», — деди Пагосян.

Кийинчерээк ал Ан-2 жеңил транспорттук учагы экени аныкталды.

Учакты атып түшүрүүдө кандай жабдыктар колдонулгандыгы азырынча так айтылган жок.

Бирок Азербайжандын Коргоо министрлигинин өкүлү полковник Вагиф Даргяхлинин айтымында, бул туура эмес: «Азербайжан армиясынын бардык учактары даяр деп билдирем», — деди ал.

27-сентябрда Азербайжан менен Армениянын ортосунда аскердик кагылышуу болду.

Эки тарап тең бири-бирине жерден жана абадан сокку уруп жатышат. Эки мамлекетте тең аскердик абал жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM