Биз менен байланышыңыз

Covid-19: Орусияда сутка ичинде 61 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 326 | 0

Орусияда өткөн суткада  коронавирус инфекциясынын кесепетинен 61 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады.

Каза болгондордун көбү Москвада катталган (16).

Муну менен Орусияда коронавирустун курмандыгы болгондордун жалпы саны 20 385 адамга жетти.

Орусияда Covid-19 пандемиясы башталгандан бери 1 млн 159 мин 573 адамдан вирус аныкталган, анын ичинен 945 920сы айыгып, дагы 224 240 бейтап медиктердин көзөмөлүндө турат.

Copyright © 2017 Maral FM