Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда дезинфекциялык туннелдерди колдонууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 342 | 0

Өзбекстанда коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык комиссия дезинфекциялык туннелдерди колдонууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай чечим дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен кабыл алынгандыгын белгиленди.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги дезинфекциялык туннелдер коронавируска каршы эң пайдасыз чара деп билдирген. Жана алардын натыйжалуулугу дагы эле далилдене электигин белгилеген.

Эксперттердин айтымында, дезинфекциялоочу туннелдерде колдонулган хлордун эритмелери адам организмине өтө зыян келтириши мүмкүн. Кээде адам бир күндө бир нече жолу туннелдерден өтүшү керек болот. Ар кандай химиялык заттын узак мөөнөттүү таасири адамдын организминде аллергиялык реакцияларды жаратышы мүмкүн.

Анын айынан аллергиялык ринит, конъюнктивит, бронхит, ал тургай бронхиалдык астма сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM