Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда бир суткада COVID-19 боюнча 640 жаңы учур катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 275 | 0

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 50 миң 634 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 640 жаңы учур катталды. Ал эми 573 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 46 миң 645 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 421 бейтап каза болду. 3 миң 566 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Коңшу өлкөдө 1-октябрдан тартып карантиндик жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен чек араларда транспорттордун бардык түрүнө киргизилген чектөө алынат.

Copyright © 2017 Maral FM