Биз менен байланышыңыз

Беларусияда июнда өлүм көрсөткүчү акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 427 | 0

Беларусияда ушул жылдын июнь айында өлүм көрсөткүчү акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун ушул жылдын биринчи жарымындагы статистикасында айтылат.

Июнь айында өлкө боюнча жалпы 13 миң 16 өлүм катталды, бул 2019-жылдын июнь айына салыштырмалуу 3 753кө көп (9 023). Аталган өлкөдө июнь айындагы өлүм көрсөткүчү 2012-жылдан бери 9 миңден ашпай келген. 13 миң өлүм көрсөткүчү — Беларусиядагы 2011-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Ошол эле учурда биринчи жарым жылдыктын маалыматтары өлүмдүн көбөйгөндүгүн айгинелейт. Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 66 миң 905 жаран каза болгон болсо, мурунку беш жылда мындай көрсөткүчтөр болгон эмес. 2015-жылдан бери алты айлык өлүм көрсөткүчү 62,5 миң адамдан ашкан жок.

TUT.BY билдиргендей, Беларусиянын Улуттук статистикалык комитети өлүмгө байланыштуу маалыматтарды июль айында жарыялоого убада берген, бирок алар дагы деле жалпы коомчулукка ачыктала элек. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук статистикалык комитети өлүмдүн көбөйүшүнүн себептерин азырынча түшүндүрө элек.

Расмий маалыматка ылайык, 14-сентябрга карата Беларусияда пандемия башталгандан бери 74 миң 360 адам коронавирус менен ооруп, 756 бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM