Биз менен байланышыңыз

Коңшу өлкөлөрдөгү коронавирус боюнча статистика

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 319 | 0

Өткөн суткада Тажикстанда коронавирустук инфекциянын 38 жаңы учуру катталганын Covid-19 абалы боюнча бирдиктүү улуттук портал билдирди.

Бир сутка ичинде 33 адам сакайып, үйүнө чыгарылса, 1 бейтап каза болду.

Тажикстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 8977 адамга жетти, алардын ичинен 7747 адам айыгып, 72 адам каза тапты.

Коңшу Өзбекстанда 12-сентябрга карата 593 адам коронавируска чалдыкты. Бир күндө коронавирустан 7 бейтап көз жумду.

475 бейтаптын абалы оор, 228 адамдын абалы абдан оор.

Өлкөдө илдеттен айыгып кеткендердин саны 43 миң 23 адамга жетти.

Ал эми Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы 12-сентябрда коронавирус инфекциясынын белгилери менен өпкөнүн сезгениши боюнча маалымат жарыялады.

Өткөн суткада бул өлкөдө коронавирустук инфекциянын белгилери менен 307 пневмония оорусу катталды.

2 адам бейтап каза тапты. 145 адам вирустан айыгып чыкты.

Казакстанда 1-августтан бери коронавирустун жалпы 29 миң 235 учуру катталды. 320 бейтап каза тапты. 6 миң 787 адам сакайып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM