Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Англияда футбол боюнча жаңы сезон башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 396 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда Англияда футбол боюнча жаңы сезон башталат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Англиянын футболдук чемпионатынын калыстары атаандаш тарапка же беттештин өкүлдөрүнө карап атайын жөтөлгөн футболчуларды жазалайт.

Өлкөнүн Футбол ассоциациясы жаңы нускамаларды иштеп чыкты, анда коронавирустук пандемия шартында беттештерди тейлеген калыстар үчүн көрсөтмө камтылган.

Алсак, атаандашка же беттештин расмий өкүлүнө карап атайын жөтөлгөн футболчу беттештен четтетилет. Мындай учурда калыстарга оюнчуга сары же кызыл айып кагазын көрсөтүү тапшырылган.

Муну менен Англиянын футбол жетекчилиги атаандашка карап атайын жөтөлгөн жорукту муштум менен сокку урган оройлук менен бирдей орунга койгону айтылат.

Жаңы эреже бардык расмий мелдештерге, атап айтканда, Премьер-лига, Championship, Англия кубогу жана Лига кубогунда колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM