Биз менен байланышыңыз

Мария Колесникова кармалып, тергөө абагына киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 312 | 0

Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөсү жана оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникова кармалып, Минск шаарындагы  №1 Тергөө абагына жеткирилди. Бул тууралуу «TUT.BY» порталы Мариянын атасы Александр Колесниковго шилтеме берип жазды.

«Тергөө комитетинин башкы тергөө бөлүмүнүн башчысы Василюк мага телефон чалып, анын камакка алынгандыгын билдирди», — деди Колесников.

Мария Колесникованын батиринде бүгүн, 9-сентябрда тинтүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда анын үйүнүн кире беришине чектөө коюлгандыгы, бирок себептери айтылбай жаткандыгы белгиленди.

Мария Колесникованы 7-сентябрда Минск шаарындагы Улуттук сүрөт музейинин жанынан уурдап кетишкен. Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, Беларус бийлиги Колесникованы өлкөдөн чыгарууга чындыгында аракет кылышкан, бирок муну аткара алышкан жок. Колесникова өткөөлдө паспортун айрып салгандыктан, ал башка өлкөгө кире албай калган. Өткөн жекшембиде Колесникова президент Александр Лукашенкого каршы кезектеги массалык жүрүшкө катышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM