Биз менен байланышыңыз

Колесникованы уурдоо: АКШ Беларуска каршы жаңы санкция даярдоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 550 | 0

Америка Кошмо Штаттары өнөктөштөрү жана союздаштары менен биргеликте Беларустагы  адам укуктарын бузууга катышкан ар бир адамды жоопко тартуу үчүн кошумча максаттуу санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео кечээ, 8-сентябрда билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

«Биз Беларус бийлигине Колесникова айымдын жана негизсиз кармалгандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алардын жоопкерчилигин эскертебиз», — деп жазган ал.

Ошондой эле 7-сентябрда беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова, Антон Родненков жана Иван Кравцовдордун уурдалышы жана аларды 8-сентябрда Украинадан күч менен кууп чыгуу аракети Вашингтонду «терең тынчсыздандыра» тургандыгын билдирген.

«Биз Колесникова айымдын жана Беларус элинин бийлик тарабынан негизсиз зордук-зомбулукка жана уруп-сабоолорго, камакка алынышына карабастан, өздөрүнүн шайлоо укугун тынчтык жолу менен коргоп жаткан эрдигин жогору баалайбыз», — деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы билдирүүдө.

Ошондой эле Вашингтон Минскти “өз элине каршы зомбулукту токтотууга”, “негизсиз кармалгандардын бардыгын бошотууга”, анын ичинде эки айга камакка алынып, саясий туткун катары таанылган АКШнын жараны, Виталий Шкляров менен конструктивдүү диалогго барууга чакырды.

Экс-президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын жакын санаалаштарынын бири, Виктор Бабариконун шайлоо штабынын башчысы Мария Колесникова 7-сентябрда Минскинин борборунда уурдалган. 8-сентябрда эртең менен Беларус Мамлекеттик чек ара комитети анын Координациялык кеңештин мүчөлөрү Антон Родненков жана Иван Кравцов менен бирге Украинага чыгып кеткендигин жарыялаган.

Кийинчерээк чек ара комитети Мария Колесникованын Украина менен чек арада кармалгандыгын билдирген. Өткөн жекшембиде Колесникова президент Александр Лукашенкого каршы кезектеги массалык жүрүшкө катышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM