Connect with us

Соцфонд: 153 миңден ашык адамга жеке кабинет ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2020 | 632 | 0

«Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» маалыматтык тутуму боюнча 153 миңден ашык адамга жеке кабинет ачылды. Бул тууралуу Социалдык фондунун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматында, жеке кабинет аркылуу 250дөн ашык жаран аралыктан кайрылуу жасап, пенсияларын чегерип алышты. Мындай жол менен пенсия алгандардын саны күн сайын өсүүдө.

Жаран жеке кабинет аркылуу камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөрдү алып, арыздарды берүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан сырткары, пенсия чектеп, аны кайра эсептетип, пенсия төлөөнүн мөөнөтүн узартса болот.

«Буга кошумча жеке кабинет аркылуу пенсия тууралуу маалымат ала алышат. Башкаруу компаниясын өзгөртүүгө да шарт бар», — дейт Мукамбетов.

Белгилей кетсек, «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети» маалыматтык тутуму 2019-жылдын июль айынан тарта иштей баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM