Биз менен байланышыңыз

Банк аркылуу пенсия алгандар 59 пайызды түзөт

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2020 | 450 | 0

Өлкөдө пенсия алуучулардын саны 670 миң 435 адамды түзөт. Алардын ичинен 41 пайызы пенсияны почта, 59 пайызы банк аркылуу алышат. Бул тууралуу Социалдык фондунун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматында, пенсионерлер кайсы багыт менен пенсияны алуу ыңгайлуу болсо, ошонусун тандап алат.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын август айына карата 3 млрд 931,6 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, учурдагы мыйзам боюнча бийик тоолуу шартта жашаган эркектер 55, аялдар 50 жаштан пенсияга чыгат. Жөнөкөй шартта эркектер 63 төн, аялдар 58 жаштан пенсия алат. Жаш курагы боюнча жалпы негизде толук пенсияга чыгуу үчүн керектүү болгон камсыздандыруу стажы эркектер үчүн 25 жыл, ал эми аялдар үчүн 20 жыл.

Ал эми пенсия чектөөдө паспорт, эмгек китепчеси жана 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат талап кылынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM