Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: Пенсиялык топтоо фондунда 23 млрд сом бар

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2020 | 465 | 0

Учурда мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунда 23 млрд сом каражат бар. Бул тууралуу Социалдык фондунун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, топтоо фондундагы каражаттар банкка салынып, киреше алып келүүдө. Ал акчалар пенсия катары берилет.

Камсыздандырууга төлөнгөн акчанын 8% пенсияга төлөнөт. Калган 2 пайызы мамлекеттик топтоо фондуна кетет. Ал каражат пенсиянын бир бөлүгү катары кайтарылып берилет.

Камсыздандырылган адам чет өлкөгө чыгып кетсе, мамлекеттик топтоо фондундагы каражат төлөнүп берилет. Эгер жаран пенсия жашына жетпей кайтыш болсо, акча анын мураскерине өткөрүлөт. Ал үчүн аймактык социалдык фондго арыз жазуу зарыл.

Мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер айлык акынын 27,27 пайызын камсыздандыруу төгүмү үчүн төлөйт. Кызматкер анын 10 пайызын, калган бөлүгүн жумуш берүүчү төлөйт. Аны ай сайын же бир жылда бир топтоп төксө болот.

Айта кетсек, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM