Биз менен байланышыңыз

АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийин жети полиция жумуштан бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 528 | 0

Афроамерикалыкка каршы негизсиз зордук-зомбулуктан кийин, жети полиция кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 3-сентябрда Нью-Йорктун Рочестер шаарынын мэри Лавли Уоррен билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

Бир күн мурун полициянын зордук-зомбулугуна кабылган афроамерикалыктын үй-бүлө мүчөлөрү март айында болгон окуядан видеотасма жарыялашкан. Видеодо бир нече полиция кызматкери асфальтта отурган афроамерикалык Дениэль Пруддун башына капты кантип кийгизгени көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, Прудду жылаңачтап, колуна кишен тагышкан. Бир нече мүнөттөн кийин аны замбил менен көтөрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бул окуядан бир жумадан кийин афроамерикалык Дениэль Пруд көз жумган.

The New York Times гезити билдиргендей, анын өлүмүнө муунтуу себеп болгон. Мындан тышкары, Пруддун канынан фенциклин табылган.

3-сентябрда Рочестерде расизмге жана полициянын зомбулугуна каршы нааразычылык акциялары өттү. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, ага жүздөгөн адамдар катышкан. Демонстранттар полицияны реформалоону талап кылышты.

Майдын аягында — июнь айынын башында, афроамерикалык Жордж Флойд каза болгондон кийин Миннеаполисте расизмге жана полициянын зомбулугуна каршы нааразычылык толкуну Кошмо Штаттарды жана башка көптөгөн өлкөлөрдү каптаган болчу.

Бул аймакта дагы бир резонанс жараткан окуя: 23-августта Кеноша шаарында полиция кызматкери афроамерикалык Жейкоб Блейктин далысына бир нече жолу ок чыгаргандан кийин тополоң башталган. Аталган штатта тартипти орнотуу үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп ал жерге Улуттук гвардиянын 1000 аскерин жөнөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM