Биз менен байланышыңыз

Монголия: Акыркы суткада коронавирустун жаңы учуру аныкталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 316 | 0

Монголияда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын жаңы түрүн (COVID-19) жуктуруп алган учурлар болгон жок. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Сентябрга карата Улуттук жугуштуу оорулар илимий борборунун эки лабораториясында жана Дархан шаарындагы аймактык лабораторияда 354 анализ жүргүзүлдү. Бардык тесттер терс жыйынтык көрсөттү.

Монголияда коронавирустун 306 тастыкталган учуру катталып, 296 адам айыгып чыкты.

Учурда 10 бейтап стационардык дарылануудан өтүп жатат. Алардын ичинен 9 адам оорунун жеңил түрү, бир бейтап оор түрү менен күрөшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM