Биз менен байланышыңыз

Трамп: Байден президент болсо, өлкөдө төңкөрүш орун алат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 567 | 0

Эгерде Жо Байден АКШнын кезектеги президенти болуп шайланса, өлкөдө “радикалдык күчтөр” тарабынан уюштурулган төңкөрүш орун алат. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп айткан.

— Эгер Байден келсе, алар бийликти алып коюшат. Байден — алсыз адам. Аны куурчактай кылып башкарып коюшат. Төңкөрүш орун алат,— деди Трамп Fox News каналына берген маегинде.

Жозеф Байден АКШнын демократиялык партиясынан президентикке талапкер болууда. Ал эми Дональд Трамп республикачылардан.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM