Биз менен байланышыңыз

27-августта жаан жаайт. Аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 778 | 0

26-27-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 27-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +19…+20;

Таласта түнкүсүн +9…+11, күндүз +17…+19;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+21;

Нарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +17…+19.

Бишкек шаарында 27-августта жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+21 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM