Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 25 миң адам медициналык кароодон өттү

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 392 | 0

Баткен облусунун аймагында үймө-үй кыдыруу, оорулууларды аныктоо, түшүндүрүү иштери  жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Үй — бүлөлүк дарыгерлер топтору 25-августка карата жалпы 10 миң 044 турак үйдө, көп кабаттуу үйлөрдүн 70 батиринде жашаган жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү.

Натыйжада 24 миң 982 адам медициналык кароодон өтүп, 374 адамда ар кандай оорулардын белгилери, анын ичинен 192 адамда коронавирус аныкталып, медициналык жардамдар жана кеңештер берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM