Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Өлкө боюнча абал дагы деле кооптуу

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 614 | 0

Өлкө боюнча коронавирустун жайылышына байланыштуу абал дагы деле кооптуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августта брифинг учурунда билдирди. Үсөнбаев элге кайрылып, этият болууга чакырды.

Анын айтымында, санитардык эрежелерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, беткап тагынуу азыр деле маанилүү болуп турат.

Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери өлкөдө илдеттин курмандыктары 1058 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпысынан 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

Эскерте кетсек, 26-августка карата вирус жалпы 43 миң 258 кишиге жукту. Анын 37 217си айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM