Биз менен байланышыңыз

Трамп президенттикке 2-ирет талапкер катары расмий көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 531 | 0

Трамп өз партиясынын ичинде күчтүү атаандаштыктын жоктугунан улам, праймериздердин баарында жеңип чыкты жана ал республикачылардын атынан шайлоого талапкер катары расмий түрдө көрсөтүлдү. Тагыраак айтканда, Трамп АКШ президенттигине экинчи ирет талапкер катары курултайдын тийиштүү добушун топтой алды.

Республикачылардын партиясынан вице-президенттикке Майк Пенс сунушталды. Ал эми Трамптын негизги атаандашы катары демократтар партиясынан Жозеф Байден расмий көрсөтүлгөн.

Эске салсак, быйыл 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM