Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 892 | 1

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен аттанганын билдирген. Ал партиялык тизмеде экинчи болуп катталган.

Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды

1 пикир

1 пикир

  1. Жумасия

    27.08.2020 14:21

    Менин 4 балам бар аларга кантип пособия алсак болот Бишкек шаарында жашайм тел ном 0705 90 09 28

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM