Биз менен байланышыңыз

АКШда афро-америкалык аял алгачкы ирет вице-президенттикке талапкер болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Авг 2020 | 394 | 0

АКШнын Демократиялык партиясы калифорниялык сенатор Камала Харрисди алдыдагы шайлоодо өлкөнүн вице-президенттигине талапкер кылып бекитти. Бул туралуу Демократтар курултайында белгилүү болду.

Камала Харрис бул кызматка көрсөтүлгөн биринчи афро-америкалык аял болду. Ал АКШнын президенттигине демократтар тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн Жо Байден менен бирге шайланат.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Республика партиясынан талапкер катары бекитилди.

Copyright © 2017 Maral FM