Биз менен байланышыңыз

Парламент эс алууда. Жумабеков Түркиянын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 620 | 0

Бүгүн, 19-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиянын президентинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуу президенттин резиденциясында өттү. Анда Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Кыргызстандын жарандарынын атынан коронавирус пандемиясында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы белгилегендей, төрага Жумабеков учурда эмгек өргүүсүндө. Ошондуктан, жолугушуу расмий эмес түрдө өттү.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Жумабековду Стамбулга чакырды. Ошондой эле ал жаңыланган Айя-София мечитин көрүп кетүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндан баштап эс алууга чыгышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM