Биз менен байланышыңыз

АКШ: Президенттик шайлоодо Трамптын башкы атаандашы Жо Байден болот

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 319 | 0

АКШнын демократиялык партиясы Жозеф Байденди президентикке талапкер кылып бекитти. Мындай чечим Милуоки шаарында өткөн улуттук жыйында кабыл алынды. Бул тууралуу маалыматты ТАСС агенттиги билдирди.

Добуш берүү виртуалдык форматта өттү. Делегация өкүлдөрү кезек менен өз делегаттары кимге — Байденге же Вермонттогу сенатор Берни Сандерске добуш бергенин жарыялап турушту. Ал Байдендин ички партиялык күрөштө башкы атаандашы болгон, бирок ушул жылы апрелде жарыштан четтетилген. Түндүк Каролина өз чечимин жарыялаганда, Байден эң көп (2374) добушка ээ болду. Жалпысынан Байден 3550дөн ашуун жана Сандерс 1130дөн ашык добуш алышты.

Байден Демократиялык партиянын атынан расмий түрдө президентикке талапкер катары чыкты.

Ал АКШнын президенттигине 2 жолу − 1988-2008-жылдары− ат салышып, бирок ийгиликке жеткен эмес. Байден 2009-2017 жылдары ошол кездеги президент Барак Обаманын администрациясында вице-президенттик кызматты аркалаган.

АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрына белгиленди. Республикалык партиянын талапкери азыркы президент Дональд Трамп болот.

Copyright © 2017 Maral FM